super.kg logo

Кыргызстандын айрым банктары Орусиянын банктары аркылуу акча которууну токтотту

 

Кыргызстандагы "Мбанк" жана “Керемет банк” коммерциялык банктары баштаган бир катар банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Бул тууралуу маалымат аталган банктардын сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, "Мбанк" санкцияга кабылган "Сбербанк", "Тинькофф" жана "МТС" сыяктуу орус банктары менен акча которуу кызматын убактылуу токтотту.

"16-августтан тарта Орусиянын санкциядагы банктары, анын ичинде "Сбербанк", "Тинькофф" жана "МТС" аркылуу эки тарапка тең акча которуулар токтотулду. Акча которуулар санкцияга кирбеген башка банктардын реквизиттери аркылуу ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта.

"Мбанктын" артынан 20-августта "Керемет банк" коммерциялык банкы Орусиянын "Сбербанк", "МТС Банк", "Тбанк" ("Тинькофф") банктары жана Орусиянын “НСПК” улуттук төлөм системасынын операторунун мобилдик тиркемелери аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирди.

Аталган банк азыр эл аралык акча которууларды "Золотая корона", "Астрасенд", Western Union, "Юнистрим", Ria системалары аркылуу гана ишке ашырып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары DemirBank жана KICB да Орусия аркылуу акча которууларды токтоткону айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: