super.kg logo

"Поезд менен Ил-76 тартылды". Орусияда үч күндөн бери нефтебаза өрттөнүүдө

 

Орусиянын Ростов облусунун Пролетарск шаарында мунай базасынан өрт чыгып, жалынды үч күндөн бери өчүрө албай жатышат. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Маалыматка ылайык, жалынды өчүрүүгө миңдей адам тартылган. Ошондой эле эки поезд жана Ил-76 учагы дагы кошулду. Ал эми өрт кырсыгынан улам Пролетарскта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өрт өчүрүүдө 41 адам жабыркап, алардын 19у ооруканага жаткан. Анын ичинен 5 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Өз кезегинде бүгүн, 21-августта дин кызматкерлери күйүп жаткан мунай сактоочу жайдын жанында сыйынуу өткөрүшкөн.

18-август күнү кечинде Пролетарсктагы мунай сактоочу жайга дрондор чабуул коюп, андан өрт чыккан. Орусиянын Генералдык штабы кампаларда орус армиясы үчүн мунай заттары сакталып турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: