super.kg logo

Садыр Жапаров экс-депутатка таандык Кеминдеги 353,3 гектар жер боюнча чечим кабыл алды

 
Чүйдүн Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесине ипотекалык турак үйлөр курулат Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт.
Тийиштүү чечимди мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды", - деп билдирди Алагөзов.
Алагөзовдун айтымында, компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.
Эске салсак, буга чейин УКМК Чүй облусунун Кемин районундагы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 353,3 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.
Айрым жергиликтүү басылмалар бул ​​жер тилкеси Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мурдагы депутаты Нурланбек Кадыкеевич Макеевге таандык экенин, бирок ал 2018-жылы каза болгонун жазышты. Мураскор аялы болгон, ал өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекетке өткөрүп бергени белгиленген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: