super.kg logo

Бүгүн кечке жуук Баткенде үрөй учурган кылмыш катталды

 

Бүгүн, 21-августта Баткенде 55 жаштагы киши тойдон келе жаткан таанышын аялынын көзүнчө атып, андан кийин өзү качып барып каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бшкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн, 21-август күнү саат 16:27 чамасында Лейлек РИИБдин 102 кызматына Лейлек районунун 51 жаштагы М.К. аттуу тургуну белгисиз ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат ошол замат Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Лейлек РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныктаган.

"21-август күнү М.К. (маркум) аялы экөө өзүнүн Honda Jazz үлгүсүндөгү унаасы менен тойдон кайтып келе жатканда жакшы таанышы болгон Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М. аларды токтотуп, М.К. менен учурашып, өзүнүн унаасында турган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралын алып чыгып эски таарынычтан улам М.Кнын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетип калган.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү Б.М.га ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулуп, ушул эле күнү саат 17.50 чамаларында Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы менен өзүнүн көкүрөгүнө өзү атып каза болгондугу белгилүү болгон" деп билдиришти Баткен ОИИБден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: