super.kg logo
  Спорт  

Европа чемпиону дүйнөнүн эң мыкты футболчусун атады. Бул Месси же Роналду эмес

 

Англиялык "Манчестер Ситинин" испаниялык жарым коргоочусу, учурдагы Европа чемпиону Родри дүйнөдөгү эң мыкты футболчуну атады.

Чет элдик спорттук басылмалардын жазганына караганда Родри дүйнөдөү эң мыкты футболчу деп өзүнүн командалашы Кевин де Брюйнени эсептейт. Ага негизинен "Роналду же Месси?" деп суроо берилген, бирок ал бельгиялык футболчуну мыкты деп эсептей турганын айткан.

Белгилей кетсек, Бельгия курама командасынын 33 жаштагы капитаны 2015-жылдан бери "Манчестер Ситиде" ойноп, клуб менен 6 жолу Англия Премьер-Лигасын жеңген. Ал ошондой эле эки жолу Англия Кубогун, 2023-жылы Чемпиондор Лигасынын Кубогун жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: