super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык жаш балбан Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге алды

 

Кыргыз балбаны Кутман Калбаев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге тагынды.

Жаш балбан 51 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын 13:3 эсебинде жеңсе, 1/4 финалдык беттеште грузиялык спортчуну 7:2 эсебинде утту. Жарым финалда ирандык балбанды утуп, финалда азербайжандык Туран Дашдамировго жеңилип калды.

Грек-рим күрөшү боюнча бизде жалпы 4 кадеттер арасында Дүйнө чемпиондору бар. Алгач 1996-жылы Уран Калилов кадеттер арасында Дүйнө чемпиону болгон. Андан дээрлик 20 жыл өткөндөн кийин бул жетишкендикке Акжол Махмудов жеткен.

Ал эми акыркы жолу 2021-жылы эки кыргыз балбаны, тагыраагы, Нуристан Сүйөркулов менен Раззак Бейшекеев бул титулга ээ болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: