Казакстандагы ажатканада каза болгон 3 жашар кыздын өлүмүнө шектүү кармалды
Казакстандагы Түркстан облусунун Сарыагаш районунда көчөдөгү ажатканага түшүп кеткен үч жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Андагы маалымат боюнча, окуя май айында болгон. Башында каза болгон наристе өзү кокустан түшүп кетти деп ойлошкон. Бирок бир айдан кийин дагы бир кыз ошол эле ажатканага түшүп кете жаздаганы, аман калган кыз 16 жаштагы кошуна кызды көрсөткөнү маалымдалган.
Полиция кызматы териштирүү иштерин баштаган. Жыйынтыгында үч жашар кыздын өлүмү атайылап киши өлтүрүүнүн натыйжасында болгону аныкталган.
Ал эми шектүүнүн шизофрения менен жабыркаганы аныкталып, психиатриялык ооруканага жаткырылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, дагы башка окуяга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.