super.kg logo

"Бакай Банк" Париж олимпиадасынан олжолуу кайткан спортчуларды сыйлады

 

“Бакай Банк” Париждеги Олимпиада оюндарында ийгиликтүү беттеш көргөзүп келишкен өлкөнүн мыкты спортчуларын сыймыктануу менен сыйлады. Иш-чара банктын жашыл филиалында уюштурулду.

Банк Улуттук Олимпиада Комитетинин бир нече жылдан берки өнөктөшү катары алардын жетишкендиктерин кубануу менен белгилейт.

Анда “Бакай Банктын" Директорлор кеңешинин төрагасы Тимур Ибрагимов спорт тармагын колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону жана спорттун эмгек сиңирген чебери Айсулуу Тыныбекова банк тарабынан 50 миң долларлык сертификат менен сыйланды. Спортчу мындай белек ал үчүн күтүүсүз болгонун жана “Бакай Банктын” амбассадору экенине сыймыктанарын, спортчулардын эмгеги жогору бааланып жатканына кубанычта экендигин белгилей кетти.

Кийинки болуп дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана быйылкы Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Акжол Махмудов сыйланды. Ал дагы 50 миң долларлык сертификатка ээ болду жана банктын колдоосу бийиктиктерге жетүүнү самаган бардык спортчуларга стимул берерин айтты.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча олимпиадалык алгачкы медалды жеңип келген Мунарбек Сейитбек уулуна өзгөчө көңүл бурулду. Ага 50 миң долларлык сертификаттан тышкары Toyota Camry 80 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Мунарбек банкка ушундай баалуу белек ыйгарылганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай белек ал үчүн күтүүсүз болгонун айтты.

“Бакай Банк” Улуттук Олимпиада Комитети менен биргеликте Кыргызстандагы спорт тармагына салымын кошууну уланта бермекчи.

Банк үчүн бул жөн гана демөөрчүлүк кылуу эмес, өлкө чемпиондорун колдоо жана алардын мындан да бийик ийгиликтерди багындыруусуна жардам көрсөтүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: