super.kg logo
  Саясат  

Айгүл Жапарова Улан-Батордо өткөн аялдар форумунда сөз сүйлөдү

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 22-августта Монголиянын Улан-Батор шаарында “Жашыл келечек жолунда” аттуу бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда ардактуу конок катары сөз сүйлөдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, форум 22-23-августта Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө.

Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, маданият жана спорт сыяктуу бардык тармактардан лидер аялдар катышууда.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө дүйнө жүзү боюнча адилеттүү, бакубат жана тынч коомду куруу үчүн жемиштүү диалог аянтчасы болуп, бул процесстерде салымын күчөтөрүнө, ошондой эле “Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы” кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата жалпы ишмердүүлүккө дем берерине ишенимин билдирди.

Биринчи айым 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегияны кабыл алгандыгын баса белгилеп, мамлекет тарабынан 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынганын айтып өттү.

Жапарова мындан тышкары акыркы жылдары экологиялык демилгелер маанилүү болуп баратканын жана бул процессте Кыргызстанда аялдардын ролу өзгөчө экенин белгилеп өттү.

Сөзүнүн аягында биринчи айым “жашыл келечекке карай жолдо” көптөгөн глобалдык көйгөйлөр турганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: