Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мэриянын балансына өттү




Ош облусундагы "Өзгөн" автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июлда аянты 0,74 гектар болгон ири инфраструктуралык объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында 1 миллион 500 миң сом пара берген салык кызматкери К.Н. кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Өзгөн" автобекети шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Анын базар баасы 219 миллион 591 миң сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.