УКМК Бишкекте балдардын диний лагери жабылганын билдирди
Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын диний лагери жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКдан билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй иштеп жаткан диний лагерде жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алып жатышкан.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбаганы, билим берүү программалары, өрт коопсуздугун сактоо боюнча да мыйзам бузулганы аныкталган.
Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.