super.kg logo

Яхта кырсыгынан кийин дайынсыз жоголгон британиялык миллионердин сөөгү табылды

 

Британиялык мультимиллионердин сөөгү Сицилиянын жээгинде чөгүп кеткен яхтанын ичинен табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, куткаруучулар британиялык ишкер Майкл Линч менен анын кызынын сөөгүн Италиянын жээгинде чөгүп кеткен яхтанын ичинен табышканы такталды. Суучулдар 49 метр тереңдикте жаткан яхтадан төрт адамдын сөөгүн алып чыгууга үлгүрүшкөн, алардын арасында Линч жана анын кызы да бар. Дагы эки жүргүнчү дайынсыз болууда.

Чөгүп кеткен яхтада бардыгы болуп 22 адам, анын ичинде Улуу Британия, АКШ жана Канаданын жарандары болгон. 15 адам куткарылды. Алардын тогузу экипаждын мүчөлөрү.

Эске салсак, кечээ, 21-августта 59 жаштагы британиялык ишкер Майкл Линч Сицилиянын жээгинде яхта кырсыгынан кийин дайынсыз жоголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: