super.kg logo
  Спорт  

Париждеги Олимпиададан кийин дагы бир атактуу балбан карьерасын жыйынтыктады

 

Азербайжандык белгилүү балбан Гаджи Алиев Париж Олимпиадасынан кийин карьерасын жыйынтыктаганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал мындай чечимди Париж Олимпиадасынын чейрек финалындагы жеңилүүсүнөн кийин кабыл алганын баса белгиледи.

"Урматтуу элим, көп жылдар бою мен көптөгөн жеңиштерди алып келдим, ар бир жолу желегибизди бийикке көтөрүп, гимнибизди ырдоо мен үчүн чоң сыймык болду. Азербайжан элине ушул күнгө чейин мени колдоп келгени үчүң ыраазычылык билдиргим келет", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, 33 жаштагы балбан үч жолу дүйнөнүн, төрт жолу Европанын чемпиону болгон. Ошондой эле Олимпиада оюндарында 1 күмүш, 1 коло байге уткан.

Париж Олимпиадасында ал чейрек финалга чыгып, анда венгриялык Исмаил Мусукаевге 10:3 эсебинде утулуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: