super.kg logo

Орусиянын Белгород шаары жылуулуксуз калышы мүмкүн

 

Орусиянын чек арага жакын Белгород шаарында быйыл кышта жылуулук маселеси жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин министрлер жана башка чек ара аймактарынын жетекчилери менен жолугушуусунда губернатор Вячеслав Гладков билдирди.

"Жылытуу мезгилине даярдык көрүп жатабыз. Биз оперативдүү кырдаалдын негизинде ал бир топ татаал болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Азыр бардык борбордук райондук ооруканаларда резервдик генерацияны түзүү иштери аяктады", - деп билдирди Белгород губернатору.

Ал кошуна аймактарда көчмө отканаларды, ошондой эле орто жана жогорку кубаттуулуктагы резервдик генераторлорду түзүүгө чакырды.

Белгород облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоодон улам абадан чабуул тууралуу эскертүү көп айтылат. Мезгил-мезгили менен катталган чабуулдар энергетикалык инфраструктурага да залал келтирип, калктуу пункттарды электр жарыгысыз калтырат.

Өткөн аптада Белгород облусунда федералдык өзгөчө кырдаал жарыяланган. Андан бир нече күн мурда – башка чек ара аймактарындагыдай эле, аталган аймакта да антитеррордук операция режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: