super.kg logo

Бишкек жана Нарында жайгашкан ботаникалык бак мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынды

 

Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы Ботаникалык багына – Мамлекеттик ботаникалык багы макамы берилди. Мындай өзгөчө макам Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 127 гектар, Горький көчөсүндөгү 20дан ашык гектар, Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан 4 гектардан ашык жер “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулат.

"Негизги максат – мамлекеттик ботаникалык багын түзүү жана өсүмдүктөрдүн, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган коллекцияларды коргоо, сактоо жана жасалма шартта көбөйтүү болуп саналат", - деп айтылат документте.

Бул токтом 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы маалыматта кошумчаланды.

Белгилей кетсек, ботаникалык бак 1938-жылы негизделген, аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири бакчалардын бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: