Олимпиадада коло байге тагынган казакстандык балбан карьерасын жыйынтыктады
Эркин күрөш боюнча казакстандык балбан Нурислам Санаев спорттук карьерасын жыйынтыктаганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Чынын айтсам, көпкө ойлондум. Анткени жашоомду күрөшсүз элестете алчу эмесмин. 20 жылдан ашык убакытымды спортко арнадым. Мен өзүмдү жаңы нерседе сынап көрүүгө даярмын. Алдыда суроолор жаралбоосу үчүн карьерамды жыйынтыктоого туура келди", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 33 жаштагы Нурислам Санаев 2017-жылы Азия чемпиондугунда жана Токио-2020 Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан. Ал ошондой эле Дүйнө чемпиондугунда 2018-жылы күмүш, ал эми 2019-жылы коло байге тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.