super.kg logo

Имамидин Ташовдун соту 26-августка жылдырылды

 

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Баштапкы соттук угуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-августка белгиленген.

SUPER.KG порталына анын адвокаты Самат Матцаков прокурор иш менен толук таанышуу үчүн убакыт сураганын, кийинки жараян 26-августка жылганын билдирди.

Ал белгилегендей, Ташов Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери менен айыпталууда.

Эске салсак, Ташовдун 23-апрелде Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганы маалымдалган. 10-январда УКМК ишкерге издөө жарыялаган болчу.

Маалымат үчүн: Былтыр 27-октябрда Имамидин Ташовдун кармалганын УКМК кабарлаган. Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган. 8-декабрда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.






23.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: