super.kg logo

Өлкөдө кайсыл аймакка канча мугалим жетишсиз? Министрлик жооп берди

 

Кыргызстанда бул жылы мектептерге 1 миң 300 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, кадр жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында - 493 мугалим. Ал эми Чүй облусунда 292, Баткенде 137, Жала-Абадда 110 мугалим жетиштүү эмес. Ошондой эле Ысык-Көл жергесинде 115, Нарында 17, Таласта 72 жана Ош облусунда 100 мугалимге суроо талап бар.

"Окутуучуларга эң чоң муктаждык орус тилинде жүргүзүлгөн мектерде, өзгөчө математика, орус тили жана чет тилдери, информатика, физика сабактарына", деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык жаш мугалимдер мектептерге кабыл алына баштаганы айтылды. 1-сентябрга жакын аймактарда, райондордо иш жүзүндө канча кадр жетишпей жатканы боюнча так маалымат берилет.

Учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептердеги бош орундарга мугалимдерди тартуу боюнча иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: