super.kg logo

ЕЭК министри Кожошев соодадагы тоскоолдуктарга жол бербөө зарылдыгын эскертти

 

ЕАЭБдин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга бөгөт коюлбашы керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Ал Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан Алматыдагы жолугушууда сүйлөдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыздоого байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр талкууланды.

Министр биримдиктин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдуктарды жаратууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

"Бизнес биздин Биримдиктин экономикалык интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүгө болгон ниетибиз чоң экенин көрүшү керек", - деди Кожошев.

Анын айтымында, ЕЭК Орусиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатат. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: