super.kg logo

Волгограддагы колонияны басып алгандар кимдер экени белгилүү болду

 

Волгограддагы №19 колонияны басып алып, андагы кызматкерлерди барымтага алгандар өзбекстандык жана тажикстандык жарандар. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Азырынча колонияны басып алгандардын төртөө белгилүү болду. Алар: Темур Хусаинов (Өзбекстан), Рамзидин Тошев, Назирчон Тошов, Рустамчон Наврузи (Тажикстан).

Өзбекстандык Темур Хусаинов 2018-жылы Волгоградда өтүп бара жаткан адам менен мушташа кетип, аны өлтүрө сабап салганы үчүн кармалган. Калган үч жаран баңгизатын ташыганы үчүн камакка алынган.

Учурда колонияга штурм башталды. Алдын ала маалымат боюнча террорчулардын биринин ийинине ок тийип жарадар болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: