super.kg logo

Бишкекте жаран милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтты

 

Милиция кызматкерлери тез жардамга муктаж болгон аялды ооруканага жеткиришкен. Кийинчерээк аял аларды таап, ыраазычылыгын билдирип кеткенин ИИМдин басма сз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын 5-август күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран кызматын өтөп жатышкан ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.

Ал жубайынын жүрөгү ооруп жатканын, аны ооруканага тез арада жеткирүү керектигин, бирок жол тыгынына байланыштуу ооруканага тез жете албай жатканын айткан. Ошондуктан, милиция кызматкерлерине кайрылып жатканын билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жарандын кайрылуусуна кайдигер карабай, аялды кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен. Туугандары болсо өздөрүнүн унаасы менен милициянын кызматтык унаасынын артынан барышкан. Милиционерлердин аракетинин натыйжасында аялга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Кийинчерээк, Бишкек шаарынын тургуну жубайынын өмүрүн сактап калган куткаруучуларды ыраазычылык билдирүү үчүн издей баштаган. Анан ал ИИМ башчысы Улан Ниязбековго кат менен кайрылган. Каттын авторунун айтымында, аны ооруканага жеткирүү учурунда ал өзүн жаман сезип, эсин жогото баштаган. Бирок милиция кызматкерлеринин психологиялык колдоосунун аркасында, ал бул оор эмоционалдык абалдан оңой чыга алган. Милиция кызматкерлеринин кызматына кесипкөй мамилеси чындыгында мактоого татырлык.

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын буйругуна ылайык, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлери Кенжебай уулу Азамат жана Темирлан Зарлыков Ардак грамоталар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: