super.kg logo
  Саясат  

Орусиядагы мигранттардын милдеттүү түрдө орус тилинен аттестация тапшыруу боюнча мыйзамы колдонбой калды

 
2014-жылдын 1-январынан тарта Орусияга келген мигранттар милдеттүү түрдө орус тилинен, Орусиянын тарыхынан жана Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча аттестация тапшыруу тууралуу мыйзамды Орусиянын Федерация Кеңеши (ФК) кабыл алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Орусиянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу ФКнын төрайымы Валентина Матвиенко “Мыйзам туура, бирок юридикалык жактан туура эмес жазылган. Кемчиликтерин оңдоо үчүн атайын макулдашуу комиссиясын түзүү керек”,- деп түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы мигранттардын аттестациясы боюнча мыйзамды кабыл алган. Анда "аттестациядан Орусияда убактылуу жашоого, жумушка орношууга жана патентке уруксат сураган мигранттар өтүшөт. Эгер мигранттын керектүү экзамендерди тапшыргандыгын билдирген  сертификаты же 1991-жылынын 1-сентябрына чейин СССРден билим алгандыгы тууралуу документи (диплом же аттестат) колунда болсо, анда ал аттестациядан бошотулат. Ошондой эле жогорку квалификациялуу адистер, кылган ишине юридкалык жактан жооп берүүгө жөндөмсүз, 18 жашка чыга элек жана 60 жаштан улуу жарандар аттестация тапшыруудан бошотулат" деп жазылган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: