super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада чемпиону болгон Диёра Келдиёрова кызматка дайындалды

 

Париж Олимпиада оюндарында сенсация жаратып, Олимпиада чемпиону болгон коңшу өзбекстандык Диёра Келдиёрова кызматка дайындалды. Бул тууралуу өзбек президентинин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ага ылайык, спортчу гендердик теңсиздик жана балдарга карата зомбулук менен күрөшүү боюнча Улуттук социалдык коргоо агенттигинин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Мирзиёева спортчунун Олимпиада оюндарындагы жеңиши Өзбекстан потенциалы бар өлкө экенин бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн белгилеген.

Ошондой эле ал Келдиёрованын бул кызматка келүүсү өлкөдө гендердик теңчиликке жетүүнү тездетип, аялдарды шыктандырарын жазган.

Эске салсак, Жайкы Олимпиада оюндарында 1/8 финалда Диёра Келдиёрова легендарлуу япон дзюдочусу Ута Абени жеңип, алтын медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: