super.kg logo

Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шарипов 60 жашка чыкты

 

Бүгүн, 24-августта дүйнөнүн 372, Орусиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 60 жашка чыкты. Ал 1964-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген.

Салижан Шарипов Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.

1990-жылдан космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык коллегалары менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системин толугу менен өздөштүрөт. 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.

SUPER.KG порталына берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Кичинемде учкуч, космонавт болууну кыялданар элем. Космонавт болгонума биринчиден, кыйынчылыктар түрткү болгон. Ал кезде турмушубуз начар эле. Апам менен чөп терчүмүн. Ошондо “мен учкуч болуп, сизге самолёттон чөп ыргытам, апа. Сиз кыйналбайсыз” дегем. Бала чагымда ушундай кыял менен жашап калгам. Тилекке каршы, апам менин учкуч болгонумду көрбөй калды. Бирок бардык туугандарым, эже-байкелерим Америкага барышып, космоско учуу процессин көрүп келишкен".
  • "Мен өзүмдү Кыргызстандын уулу деп билем. Эмгегимди өзүмдүн шаарыма, облусума жана Кыргызстанга арнадым. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандан да космонавттар чыкса экен деген аруу тилегим бар эле. Кыргызстан артта калган өлкөлөрдүн бири эместигин, биздин тарых, маданият космос менен байланыштуу экендигин далилдегим келген".
  • "Космоско алгачкы ирет учканымда өзүм менен кошо Кыргызстандын желегин жана бир түйүнчөккө топурак салып алгам. Ал топуракты “Манастын жери” деп атап койгонбуз. Америкалыктар “бул эмне болгон топурак, аны эмнеге алып алгансың” деп таң калышкан".

24-августка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: