super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык эки балбан өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты  

 

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров финалга чыгышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 55 килограммга чейинки салмакта күч сынашып жаткан Курсантбек Исаков алгач япониялык, андан кийин казакстандык балбанды утту. Андан соң америкалык спортчуну 10:2 эсебинде жеңип финалга чыкты. Эми алтын медаль үчүн Пуэрто-Риконун балбаны менен күч сынашат.

Ал эми Рустамжан Кахаров 65 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда. Жаш балбан ирандык, андан кийин австралиялык, грузиялык жана казакстандык балбандарды жеңип, финалга жолдомо алды. Ал финалда Орусиянын жаш балбаны менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: