super.kg logo

Садыр Жапаров Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенкожоев космоско учууну кыялданып, "Үчүнчү шар" аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат.

“Ошол кыялды андан 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргызстандын тунгуч космонавты, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, - деп айтылат куттуктоодо.

Жапаров Кыргызстан совет мезгилинде дагы, андан кийин эгемендик жылдарында дагы космостук программаларга өз салымын кошкон мамлекет катары эл аралык коомчулукка кеңири таанылып келе жатканын белгилеген.

"Буга албетте, өз жеринин париот уулу катары сиздин салымыңыз абдан чоң. Ата Мекенибиздин чыныгы атуулу катары эмгегиңизди Кыргызстанга арнап, “Кыргызстандан дагы космоско учкандар чыкса экен” деген каалоолоруңузду, атайын даярдык, изилдөөлөр менен окутууларга мамлекет тарабынан колдоо болсо деген сунуш-пикир, аруу тилектериңизди ылайым Жараткан кабыл кылсын. Кыял-ниети ишке ашкан, көздөгөн максатына көгөрүп жеткен сиздей профессионал космонавттын өмүр жолу – өзгөчө Кыргызстандын жаштарына мыкты үлгү", - деген Жапаров.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: