super.kg logo

Рамзан Кадыровдун уулу башка өлкөнүн атынан Олимпиада чемпиону болгон балбандарга батир берди

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу, республиканын дене тарбия жана спорт министри Ахмат Кадыров башка өлкөнүн атынан Олимпиада чемпиону болгон балбандарга батир жана акчалай сыйлык берди. Бул тууралуу ал Телеграм каналына жазды.

Маалыматка ылайык, Чеченстанда төрөлгөн балбандар Разамбек Жамалов менен Ислам Дудаев Париж Олимпиадасынан кийин Ахмат Кадыровдун колунан батирдин ачкычын алышты.

Ошондой эле Кадыров Жамаловго 10 миллион рубль акчалай сыйлык берди.

Белгилей кетсек, Разамбек Жамалов быйыл февраль айында Өзбекстандын жарандыгын алган. Ал Парижде өткөн Жайкы Олимпиадада 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынган.

Ал эми Ислам Дудаев 2021-жылдан бери Албаниянын атынан күрөшүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: