super.kg logo

Дагестанда офтальмологдор эркек кишинин көзүнөн 35 курт алып чыкты

 

Дагестанда офтальмологдор 55 жаштагы кишинин көзүнөн 35 курт алып чыгып, анын көрүүсүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, республикалык клиникалык тез жардам ооруканасына туруктуу жашаган жери жок адам келип түшкөн. Ал жерден дарыгерлер бейтаптын көзүнөн курт түшүп жатканын байкап калышып, дароо офтальмологдорго жөнөтүшкөн.

"Өлчөмү 4 миллиметрден 12 миллиметрге чейин жеткен чымын курттары көздүн кабыгын жана былжыр челдин үстүнкү катмарына жабышып калган. Дарыгерлер куртту кылдаттык менен тазалап, бейтаптын көзүнүн көрүүсүн сактап калышты", - деген көз травматология бөлүмүнүн башчысы Наида Гойтиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: