super.kg logo

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынды

 

Өзбекстанда сакал койгон бир катар эркектерге айып пул салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Газета.uz сайты жазгандай, Ташкент облусунда сакал койгон эркектерге каршы рейддин алкагында бир катар эркектер полиция бөлүмүнө жеткирилген. Алар сакалын алууга аргасыз болушкан, айрымдары айып пул төлөшкөнү айтылды.

Буга былтыр октябрь айында кабыл алынган мыйзам себеп болгон. Ага ылайык, мыйзамда коомдук жайларда адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүн болбогудай сакал өстүрүп алгандарга 3,4 миллион сумдан 5,1 миллион сумга чейин айып салуу каралган.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эркектердин укугу бузулган учурда арыз менен кайрыла ала турганын белгилеген.

Буга чейин да Ташкентте ондогон эркектин сакалы мажбурлап алынганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.08.2024. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: