Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров Парижден кармалды
Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы ишкер Франциянын борборуна жеке учагы менен Азербайжандан келгенде кармалган. Кармоо учурунда Дуровдун жанында анын коопсуздук кызматкери жана бир кыз болгон.
Дуровду полиция кызматкерлери Францияда издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргени үчүн кармашкан. Кармоо ордерин Франциянын соту "алдын ала тергөөнүн" негизинде чыгарган, анын чоо-жайы ачыкталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.