super.kg logo
  Спорт  

Керемет! Эки кыргыз балбаны Амманда Дүйнө чемпиону болушту

 

Кыргыз балбандары Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахоров Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утушту.

Эркин күрөш боюнча 55 килограмм салмакта Курсантбек Исаков 1/8 финалда алгачкы жүрүшүн баштаган. Ал финалга чейин жетип, финалда пуэрто-риколук балбанды 4:2 эсебинде утуп Дүйнө чемпиону болду.

Ал эми Рустамжан Кахоров 65 килограмм салмакта катышты. Ал атаандаштарын ири эсепте утуп келип, финалда орусиялык Рамазан Абдулкадыров менен кез келди. Кыл чайнашкан беттеште кыргыз балбаны 7:6 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпиону болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: