super.kg logo

Бишкекте скутерчен жигитти учура сүзгөн унаа: Милиция бул боюнча билдирүү жасады

 

Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирүү жасады.

Милиция билдирүүсүндө ата-энелерден жаш балдарын көзөмөлгө алууну суранды.

"24-август күнү болжол менен саат 13:30 чамасында "М-10" үлгүсүндөгү скутерди башкарып бара жаткан 2006-жылы туулган Б.А. айдоочусу Эркиндик бульварынын келишинен, Токтогул көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан "Лексус-330" үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзушүп, жол кырсыгына кабылган. Айдоочусу 1994-жылы туулган О. С. аттуу жаран болгон.

Натыйжада "М-10" маркасындагы скутердин айдоочусу Б.А. травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Аталаган факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталды", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, транспорт каражаттарына соттук-автотехникалык жана трассологиялык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Учурда, эки унаа тең айып токтотуучу жайга киргизилген.

"Урматтуу ата-энелер, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы сиздерди, балдарыңыздардын бош убактысын көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөт", - деп кошумчалашты Бишкек ШИИБден.

Кечээ, 24-августта кырсыктын видеосу интернетке тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: