super.kg logo

Орусия Павел Дуровдун Парижде кармалышына реакция жасады

 

Орусиянын Франциядагы элчилиги Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуровдун камакка алынышына байланыштуу кырдаалды тактоого аракет кылууда.Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Владислав Даванков РИА Новостиге билдирди.

"Дуровдун кармалганы тууралуу маалыматка байланыштуу Орусиянын Франциядагы элчилиги ишкердин өкүлдөрү кайрылбаганына карабастан, орус жаранынын айланасындагы кырдаалды тактоо үчүн дароо зарыл чараларды көрдү", - деген ал.

Буга чейин Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владислав ДаванковОрусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрылуу жолдоп, Дуровду бошотууну талап кылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналында белгилегендей, Франциядагы элчилик орусиялык жарандын кармалганы тууралуу маалымат чыгаары менен иштей баштады.

Бүгүн, 25-августка караган түнү француз басылмалары коопсуздук кызматы Павел Дуровду Париждин "Ле Бурже" аэропортунан кармашканын жазды. Дуров Парижге Азербайжандан жеке бизнес учагы менен учуп келгени маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: