super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Марлен Абдраимов коло медалга ээ болду

 
Өлкөнүн эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Марлен Абдраимов Иорданияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, балбан 51 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, алгач 1/16 финалдык беттеште түркмөнстандык Даган Гуванчмырадовду 4:0 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште Орусиянын балбаны Лилица Владиславды 11:0 эсебинде утту.
Чейрек финалдык беттеште Азербайжандын балбаны Мухаммед Исмаиловду 4:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
"Ал жарым финалдык беттеште америкалык Доменик Мунареттого 1:5 эсебинде утулган. Коло медаль үчүн беттеште Өзбекстандын балбаны Озодбек Алийоновду 17:6 эсебинде жеңди", - деп жазылат анда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: