Кыргызстандык дагы бир жаш балбан Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту
Өлкөнүн эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Ага ылайык, балбан 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгач 1/8 финалдык беттеште япониялык Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде утту.
Чейрек финалдык беттеште Украинанын балбаны Иван Залискону 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
"Жарым финалдык беттеште америкалык Жордин Ранейди 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Алтын медаль үчүн беттеште Азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип Дүйнө чемпиону болду", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















