super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээледи

 

Өспүрүмдөр арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы алдынкы үчтүккө кирди. Биринчи орунду АКШ, экинчи орунду Иран өлкөсү алды.

Упайлык көрсөткүч:

1-орун АКШ - 152 упай;

2-орун Иран - 132 упай;

3-орун Кыргызстан - 104 упай.

Балбандар башкы машыктыруучу Азат Мирахимовдун коштоосунда барып, тарых жаратты.

Иорданиянын Амман шаарында өткөн мелдеште Өмүрбек Асан уулу, Курсантбек Исаков, Рустамжан Кахоров алтын медаль жеңсе, Марлен Абдраимов Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна 23 балбан барган. Мелдеш 25-августка чейин Иорданиянын Амман шаарында орун алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: