super.kg logo

Ички иштер министри сентябрдан тарта аймактарды кыдырат

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков сентябрдан тарта аймактарды кыдырат. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-августта онлайн кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеге ички иштер органдарынын жетекчилери катышты. Анда өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды.

Ниязбеков өлкө башчысынын тапшырмасы менен аймактарда өткөрүлгөн элдик жолугушууларда айтылган кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде мыйзам чегинде карап, чечип берүүнү тапшырды.

"Бир дагы жарандын арызы жана жеке кайрылуусу кароосуз калбашы керек деген принципте иш алып барууну тапшырам. Сентябрь жана октябрь айларында жеке өзүм бардык региондорду кыдырып чыгам. Кайсы жетекчи эмне жумуш жасап жаткандыгын жеринде көрүп, ошол эле учурда элге жолугуп, тиешелүү жумуш алып барбаган жетекчилерге координалдуу чечим кабыл алына тургандыгын эскертем", - деди ИИМ башчысы.

Ошондой эле 31-августта өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап, жарандарга сылык мамиле кылууларын тапшырды. Маданий иш-чаралар өткөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын дагы күчөтүү керектиги айтылып, ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлерин көзөмөлгө алуусу керектигин эскертти.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: