super.kg logo

«Мой О!» биринчи: КТБга электрондук кезекке туруу боюнча жаңы сервис

 

«Мой О!» экосистемасы өз кызматтарынын тарамдарын кеңейтүүнү улантып, Кыргызстандын рыногундагы төлөм системаларынын ичинен биринчи болуп Калкты тейлөө борборлоруна (КТБга) электрондук кезекке туруу боюнча жаңы акысыз сервисти ишке киргизди.

Эми суперапптын колдонуучулары кезекке онлайн тура алышат – болгону убакыт-саатыңызды тандаңыз да, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда КТБга барыңыз.

Жаңы сервис эмнени сунуштайт?

1. КТБнын кабыл алуусуна 24/7 бою тез жана ыңгайлуу жазылуу.

2. Убакытты үнөмдөө жана кезекти күтүүнүн жоктугу.
3. Зарыл болсо, жазылууну жокко чыгаруу мүмкүндүгү.

Кезекти ээлегенден соң, белгиленген убакта КТБдагы терминалдын экранынан билеттин жана оператордун номери көрсөтүлөт. Кезекти аптасына бир жолу жана бир активдүү билетти гана алдын ала пландоого мүмкүн.

Кезекти кантип онлайн алса болот?

1. «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «О!Деньги».

2. «Сервистер» бөлүмүн тандаңыз → «Мам. кызматтар» → «КТБга электрондук кезек».

3. Маалыматтарды терип, онлайн жазылууну ырастаңыз.


Даяр!

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп же жаңыртып алыңыз жана биринчилерден болуп жаңы сервисти колдонуңуз!

Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: