super.kg logo

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн бүгүнкү абалы айтылды

 

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 26-августта Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн абалы боюнча маалымат берди.

Анда 30 жаштагы жол тескөөчүнүн абалы туруктуу оор экени айтылат.

"Бейтаптын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Учурда комада, дем алдыруучу аппарат менен жатат. Дарыгерлер колдон келишинче аракет кылууда", - деп билдирди министрлик.

20-августта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жол тескөөчүдөн кабар алып, аны дарылоо боюнча кеңешмеге катышкан.

Эске салсак, буга чейин Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш сапары менен барып, жол тыгынын жөнгө салып жаткан Кайгуул кызматынын кызматкерин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени маалым болгон.

Социалдык тармактарда өздөрүн анын досторубуз деп тааныштыргандар окуя 15-август күнү Чолпон-Ата шаарында болгонун айтып, жол тескөөчү комада экенин, андыктан аны Бишкектеги ооруканага жеткирүү керектигин суранышкан видео тараган.

Ал 17-августта Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: