super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболчусу чет элден келген футболчу менен жаңжалдашып, жаагын сындырып салды

 

Кыргыз футболчусу Мирбек Ахматалиев өзүнүн командалашы, чет элдик футболчу Евгений Терси менен жаңжалдаша кетип, анын жаагын сындырып салды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Окуя 15-август күнү Бишкектеги "Сельмаш" стадионунда болгон. Анда машыгуу учурунда Мирбек Ахматалиев менен легионер футболчу жаңжалдаша кетип, анын кесепетинен чет элдик футболчунун жаагы сынган.

Мындан улам "Мурас Юнайтед" клубу Кыргыз футбол биримдигине кат жолдогон. Ал катты Дисциплинардык комитет карап, Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн 5 жылга четтеткен.

Өз кезегинде Кыргыз футбол биримдиги футболдо агрессия жок экенин белгилеп, бул окуяны кескин айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: