super.kg logo

Пакистанда согушкерлердин кол салуусунан 23 адам набыт болду

 

Пакистандын түштүк-батышында согушкерлердин жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарга жасаган чабуулунан кеминде 23 киши набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кол салуу Белужистан провинциясынын трассасында түн ичинде болгон. Куралчан согушкерлер унааларды токтотуп, адамдардын документтерин текшерип, улутуна карап атып, андан соң унааларды өрттөп салышкан. Кеминде 23 адам каза болуп, бешөө жарадар болгон. Өлгөндөрдүн арасында 19 пенжабдык жана 3 белуждук бар.

Кол салгандар качканга чейин кеминде 10 унааны өрттөп салышкан. Провинциянын башка аймактарында да атышуулар болгону кабарланууда. Андан сырткары согушкерлер Болан районунда темир жолду жардырып жиберишкен жана Мастунг районундагы полиция бөлүмүнө кол салышкан.

Президент Асиф Али Зардари менен ички иштер министри Мохсин Накви күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга убада беришти.

Бул окуялар тыюу салынган сепаратисттик Белужистан боштондук армиясы (BLA) коопсуздук күчтөрүнө чабуул жасай турганын эскерткенден көп өтпөй болду. Бирок түндөгү адам өлтүрүүлөр үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Белужистандагы сепаратисттер өлкөнүн башка аймактарынан, өзгөчө Пенжаб провинциясынан келген адамдарга кол салып, аларды аймактан чыгып кетүүгө мажбурлашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: