super.kg logo

Киев Минсктен чек арадан аскерлерин алып кетүүнү талап кылды

 

Украинанын Тышкы иштер министрлиги 25-августта Беларусь бийлигин чек арадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Министрлик чек ара тилкесинде Беларусь аскерлери жана техникасы жайгаштырылып жатканы байкалганын белгилеген.

Тышкы иштер министрлиги Минскти “достук эмес аракеттерди" токтотууга жана аскерлерин чек арадан тышкары алып кетүүгө чакырды.

Минск акыркы эки аптада Украина менен чек арага ири көлөмдөгү аскерий техниканы алып келди. Атап айтканда, эки өлкөнүн чек арасында жүздөгөн танктар, артиллериялык түзүлүштөр жана абадан коргонуу системалары байкалган. Аскердик күчтөрдүн басымдуу бөлүгү Украинанын түндүк чек арасына жакын Гомель облусунда жайгаштырылган – бул Беларустан Киевге чейинки эң кыска жол.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Киев “эч качан беларусь элине каршы достукка жатпаган аракеттерди көргөн эмес жана жасабайт” деп баса белгиледи.

Беларусь президенти Александр Лукашенко 18-августта Украина Беларусь менен чек арага 120 миңден ашуун аскерин жана куралдуу күчтөрүнүн дээрлик үчтөн бирин жайгаштырганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: