super.kg logo
  Саясат  

Жапаров  “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиянын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Анда Жапаров стипендианттарды куттуктап, аларга чоң ишеним артылганын айтты.

Сиздер улутубуздун өнүгүүсүн аныктай турган келечектеги лидер жана кесипкөй адиссиздер. Мекениңизге жаңы билим, идея жана тажрыйба менен кайтып, алган билимиңиздер менен өлкөбүздү чыңдап, өнүктүрүшүңүздөрдү күтөбүз. Окууларыңыздарга ийгилик, илимий ачылыштарга жана алдыга койгон максаттарыңыздарга жетишиңиздерге тилектешмин”, – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун соңунда президенттик стипендияны тапшыруу аземи болду.

Маалымат үчүн: “Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган, 2024-жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиант болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: