Бишкекте №8 троллейбус каттамы ишин жандантат
Бишкек шаарында эртең, 27-августтан тарта №8 троллейбустук каттам кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин жандантат. Ал Ак-Өргө конушунан Мамлекеттик циркке чейин каттайт.
Мэриядан билдиргендей, №4 автобус каттамынын акыркы аялдамасы Келечек жаңы конушуна чейин узартылды. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылды.
Оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам убактылуу жабылат.
Мындан тышкары маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында №222 автобустук каттамдын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















