super.kg logo

Бишкекте баасы 2 миллиард сом болгон стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды

 

Аянты 17,7 гектарды түзгөн 1 миллиард 953 миллион сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Тергөө иш-чаралардын алкагында, 1 миллиард 953 миллион сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынды.

"20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес. Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: