super.kg logo

Таяк менен уруп... Бишкектеги тигүү цехинде чет элдик жарандардын сабалган видеосу тарады

 

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тигүүчү цехтердин биринде чет элдик жарандардын токмоктолуп жатканы тартылган видео менен бөлүштү.

Анда чет элдик жарандарды тээп, уруп, таяк менен сабаганын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, милицияга 1-августта билдирүү түшүп, Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринде чет элдик жарандар эркине каршы кармалып турганы кабарланган.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, анда цехтин кожойкеси үч чет элдик жаранды өз жердештерине токмоктоттуруп, бир бөлмөгө каматкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (Кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1967-жылы туулган Г.Р. аттуу аял, 2000-жылы туулган Х.М. жана 2002-жылы туулган А.Э., 2005-жылы туулган Р.А. жана 2004-жылы туулган А.Р. аттуу чет элдик жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле 25 жаштагы Г.Э.ге аралыктан көзөмөлдөп туруу үчүн электрондук билерик тагылгын.

Шектүүлөр жумушчуларды кездеме уурдаган деп айыптап, 15-августта милицияга кайрылышканы белгилүү болду.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: