Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү табылды
Бүгүн, 27-августта Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын сөөгү Кант шаарынын Панфилов көчөсүндөгү суу бөлүштүрүүчү жерден табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жерине Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.
Алар жансыз денени суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, 19-августта Ысык-Ата районунун Дружба айылында үч жашар баланын дайынсыз жоголгону кабарланган. Милиция кызматкерлери, ӨКМдин куткаруучулары жана ыктыярчылар күн сайын баланы издөөгө чыгышкан.
Баланын ата-энеси президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, каналдагы сууну убактылуу токтотуп турууну суранган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















