super.kg logo

Айбек Жунушалиев: "Таштандыларды саат 19:00дөн түнкү 00:00гө чейин алып чыккыла"

 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев
борбор калаанын тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн түнкү 00:00гө чейин алып чыгууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Анын айтымында, таштанды контейнерлери түн ортосунан тарта бошотула баштайт. Таштанды ташыган унаалар түнү менен таңкы саат 06:00гө чейин контейнерлерди бошотушат.

"Тилекке каршы, көп адамдар таштандыны эртең менен жумушка баратканда же күнү бою алып чыгышат. Анан кечинде таштанды контейнерлери толуп, таштандылар жолго төгүлө баштайт.

Мындан улам шаар тургундарын таштандыларды кечинде гана алып чыгууну суранабыз", - деп билдирген калаа башчысы.

Мындан тышкары ал “Тазалык” ишканасынын жумушчулары таң атканга чейин таштанды контейнерлерин бошотуп тазалашарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: