super.kg logo

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө 

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Энергетики министрлигинен билдиришти.

Учурда Орто-Токой ГЭСин куруучу жумушчулар үчүн атайын шаарча курулуп, ал жерде 45 жумушчу жашап, иштеп жатышат.

Мындан тышкары жумушчу топ ГЭСти курууга даярдык иштеринин алкагында суу, электр энергиясы менен камсыз болуп, жол салынууда. Ал эми сентябрь айында туннел казуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлөт.

"Былтыр март айында "Чакан ГЭС" ААКсы менен Кытай мамлекеттик СНМС (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык ГЭСти толук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Курула турган ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 21 мегаватты түзөт жана бир жылда 75 миллион киловатты өндүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: