super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

 

Бүгүн, 27-августта ушул жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйын өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Жыйында спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, жолугушууда 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселелери да талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Эске салсак, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: